Токтогул районунун Үч-Терек айылында көпүрө жок болгондуктан, жамгыр жааганда сел жүрүп, мектеп окуучуларына сайдан өтүш кыйынчылыктарды туудуруда. Видеодо көрүп тургандай, ата-энелер балдарын көтөрүп алып, суу кечип өткөрүшүүдө. Өкмөт ушул маселени чечип, тез арада көпүрө куруп беришин өтүнөбүз,- дейт "Элдик репортерго" видео жөнөткөн айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.