Кыргызстанга 20 миң дозадан турган россиялык «Спутник V» вакцинасынын экинчи партиясы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон белгилегендей, мындан мурда аталган вакцинанын 20 миң дозадан турган биринчи партиясы келген. Белгилей кетсек, "Спутник V" чектелүү гана көлөмдө келип жаткандыктан жаш курагы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. Башка каалоочулардын бардыгы кытайлык Sinopharm препаратын ала алышат. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Кытайдын Синофарм вакцинасы 150 миң өлчөмдө келген.