Кыргызстанда 11-майга карата коронавирус дагы 379 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 240, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 103, Ош облусунда – 1, Талас облусу – 2, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусу - 5 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 304 адам коронавирустан айыгып чыкса, тилекке каршы илдеттен 7 бейтап каза болду. Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап оорунун курмандыгы болду. Ошондой эле, бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 703 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 542 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 152 бейтаптын абалы орто оор, 447 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда жатат. Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 33 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 120 киши айыгып чыкса, 1 миң 667 адам каза болду. Аны менен катар эле ушул убакка чейин Кыргызстанда коронавируска каршы жалпы 43 миң 127 адам эмделгени маалым болду.