Жакынкы аралыкта "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасын алып келүү пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, кийин дагы 100 миң доза жеткирилери күтүлүп жатат. Кыргызстан жалпы жонунан бул препараттын бир миллион дозасын алууну пландоодо.
Бирок бардыгы акчанын бөлүнүшүнө жараша болот. Министр донорлор берген жана өкмөт сатып алган вакциналардын бардыгы калк үчүн бекер сайыларын белгиледи.
"Жеке клиникалар дагы препарат алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө жакшы болмок. Себеби акча төлөп болсо дагы эртерээк вакцина алгысы келген жарандар бар. Ал эми өкмөт сатып алып жаткан жана донорлор берген препараттар элге бекер сайылат", — деди Бейшеналиев. Кечээ, 10-майда, россиялык вакцинанын 20 миң дозасы Кыргызстанга алып келинди. Кеп экинчи компонент жөнүндө болуп жатат. Тагыраагы, препарат биринчи дозаны алгандарга сайылат.
Белгилей кетсек, "Спутник V" вакцинасынын көлөмү чектелүү болгондуктан 65 жаштан жогорку курактагылар гана эмделүүдө. Калган каалоочуларга Sinopharm жеткиликтүү.