Жер жүзүндө COVID-19 жуктургандар менен көз жумгандардын көрсөткүчү эң жогорку чегине келди. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Илдеттин ургаалдуу таркашы азая баштады. Анткен менен оорунун жогорку чегинде турабыз. Өткөн жумада коронавирус 5 жарым миллион адамда аныкталып, 90 миң киши акка моюн сунду", — деди Гебреисус. ДССУ башчысынын айтымында, дүйнө боюнча кырдаал кооптуу. Индияда коронавирус аз келгенсип дагы бир инфекция күчөп жата.т Ооругандар менен көз жумгандар Түштүк-Чыгыш Азияда тездик менен өсүүдө. Эл аралык уюм Индиядагы коронавирустун жаңы түрүнө дыкат көз салып жатканын белгилеген. Адистер ал жактагы вирус дүйнө жүзүнө чоң коркунуч жаратарын айтууда.