Кыргызстанда акыркы бир суткага карата коронавирус дагы 283 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 158, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 75, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 18 жана Жалал-Абад облусунан – 5 адамдан илдет табылган. Ал эми бир сутка ичинде 289 адам коронавирустан айыгып чыккан. Ошондой эле сутка ичинде COVID-19 илдетинен 8 бейтап оорунун курмандыгы болду. Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 3 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 755 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 472 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 204 бейтаптын абалы орто оор, 447 адамдын абалы оор жана 89 бейтап өтө оор абалда. Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 409 киши айыгып чыкса, 1 миң 675 адам каза болду.