8-май күнү Болгарияда өткөн күрөш боюнча Дүйнөлүк квалификациялык турнирдин алкагында Японияда өтүүчү Олимпиада оюндарына акыркы эки жолдомо тапшырылды. Азербайжан менен Болгариянын спортчулары аталган жолдомолорду жеңип алышты.
Токиодо грек-рим күрөшү 77 кг салмакта 16 спортчу катышат. Алдын ала жана жарым финалдык беттештер 2-августта өтсө, финалдык жана коло үчүн күрөштөр 3-августта өткөрүлөт.
Бул салмак категориясы боюнча чүчү кулак 1-августа болот.