Новосибирск шаарында мүрзөлөрдү казуу боюнча мелдеш өттү
Новость

Новосибирск крематорийинин жанындагы аймакта мүрзөлөрдү ылдам казуу боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мүрзөлөрдү казуу боюнча мелдеште жеңүүчү болуп 38 мүнөттө мелдештин тапшырмасын аткарган Омск шаарынын командасы табылган. Таймашка Томск жана Новосибирск облустарынан жана Алтай аймагынан эки экскаваторчулардан турган командалар да катышты. Тапшырманы аткаруу үчүн катышуучуларга узундугу 200 см, туурасы 80 см жана тереңдиги 160 см болгон мүрзөнү казуу керек болчу.

Уюштуруучулар ыкчамдык жана көлөмдөн тышкары, иштин техникасын жана тактыгын дагы эске алышты. Өлчөө үчүн табыт колдонулган. Сынак жөнүндө жобого ылайык, мелдештин максаты кесиптин кадыр-баркын көтөрүү, жумуштун деңгээлин жогорулатуу жана акыркы сапарга узатуу зыйнатынын кызматкери кесибине көңүл буруу болгон.