Бразилияда акыркы жүз жылдагы эң катуу суу ташкыны катталды
Новость

Бразилияда акыркы жүз жылдагы эң катуу суу ташкыны катталды. Бул тууралуу TSN 17-май, дүйшөмбү күнү билдирди.

Өлкөнүн эң ири штаты - Амазонаста нөшөрлөп жааган жамгыр дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келди. Жыйырма муниципалитетте чукул кырдаал режими киргизилди. Бир канча аймактар, үйлөр жана көчөлөр суу астында калды. Жергиликтүү тургундар кайыктар менен жүрүп жатышат.

350 миң адам суу ташкынынын кесепеттеринен жабыркап,  алардын айрымдары эвакуацияланып, калгандары аймактарда жабык турат.

Жаман аба ырайы бразилиялык дарыгерлерди вакциналарды кайык менен үйдөн үйгө жеткирүүгө аргасыз кылууда.