COVID-19: 18-майга карата илдет дагы 234 адамдан аныкталып, 7 бейтап каза болду
Новость

Кыргызстанда 18-майга карата коронавирус дагы 234 адамдан аныкталып, 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди. 

Анын айтымында, Бишкекте - 112, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда - 81, Ош облусунда - 6, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 25, Жалал-Абад облусунда - 1, Баткен облусунда - 3 адамдан илдет табылды. 

Рахматуллаев белгилегендей, бир сутка ичинде 282 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 605 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 465 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 191 бейтаптын абалы орто оор, 413 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.