Кыргызстанда коронавирус дагы 253 адамдан аныкталып, 7 бейтап каза болду
Новость

Кыргызстанда коронавирус дагы 253 адамдан аныкталып, 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 120, Ош шаарында - 8, Чүй облусунда - 84, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 25, Жалал-Абад облусунда - 7 адамдан илдет табылды. Ал эми бир сутка ичинде 315 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 569 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 427 адам дарыланууда. 

Алардын ичинен 1 миң 65 бейтаптын абалы орто оор, 408 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 219 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 94 миң 483 киши айыгып чыкса, 1 миң 725 адам каза болду.