UFCнин оор салмак категориясындагы мушкери Деррик Льюис унаасына уурулукка кирген адамды нокаутка түшүрдү. Бул тууралуу чет элдик спорт пабликтер жазып чыкты.
“ Деррик Льюистин айтымында эртең менен анын унаасына белгисиз бир адам уурулукка кирүүгө аракет кылган. Аны көрүп калган мушкер дароо ээсин оодара койгон. Кийин аны полиция кызматкерлери кармаганын айтып, өзүн жоготуп койгон киши да жакшы экенин кошумчалаган Деррик Льюис.
Инстаграм баракчасына UFC мушкери: “Уурулук кылганга туура эмес унааны тандап алыптыр. Бирок анын абалы жакшы”- деп жазган.
