Россияда болгон чаңдуу шамалдан улам турак үйдүн балкону бир кишини басып калды
Новость

Астрахандагы катуу шамалдан улам көп кабаттуу үйдүн жанынан өтүп бара жаткан адамды жарым-жартылай курулган балкон басып калды. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.

"Үйдүн жанында бир жигит бара жатып, балкондун конструкциялары анын үстүнө кулап түшкөн. Жигит 18 жашта. Баары катуу шамалдан улам келип чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Жаш жигит ооруканага жаткырылган.

Белгилей кетсек, Астрахань жана Дагестандын бир нече аймактарын чаңдуу бороон каптаган. Бороон Кизляр жана Тарумовск райондорунан өтүп, андан кийин Махачкалага, Избербаш жана Дербент шаарларына багыт алган.

Астрахань облусунун үч районунда катуу шамалдан улам төрт миңге жакын адам жарыксыз калды.