Некрасов жана Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак жок, жол кырсыктар катталууда
Новость

Бишкек шаарындагы Некрасов менен Алтымышев (Ремесленная) көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактын жоктугу айдоочулар үчүн кооптуулук жаратууда. Мындан 2 жыл мурун "Элдик репортер" рубрикасына дал ушул көйгөй тууралуу маалымат келген. Бирок шаар мэриясы тараптан бул маселе дагы деле чечилбей келгени өкүндүрөт. Көп учурларда бул кесилиштен унаалар кагылышып, жол кырсыктары көп катталууда. 

Автордун айтымында, бул жолдон күнүгө жол кырсыгы байма-бай катталып турат. Жол талашып урушкан айдоочуларды күнүгө көрөсүң. Жол чырак койбосо мындай кырсык кайталана берет. Тиешелүү тараптар ушул көчөлөргө жол чырак орнотуп берүүсүн өтүнөт элек,- дейт билдирүүсүндө. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.