Борбор шаарда COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн кошумча пункт ачылды
Новость www

Борбор шаардагы студенттер поликлиникасында COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн кошумча пункт ачылды. 

Мэриянын маалыматы боюнча, борбор калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, акыркы суткада 120 жаңы учур аныкталып, 11 адам айыгып чыгып, 2 бейтап каза болду. Калаа бийлиги эмдөө - коронавирус инфекциясынын алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы экенин эскертет. Бүгүнкү күнгө карата 16 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү, анын ичинде 65 жаштан жогору курактагы жарандар, медиктер, педагогдор, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле бардык каалоочу шаар тургундары бар.

"Эмдөөгө байланышкан суроолор менен "Эмдөө" ишеним номерине: 0312 31-32-97, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө 0708 52-17-10, 0312 54-65- 21 жана 0312 54-61-04 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.