Япониянын батыш бөлүгүнүн кеминде 14 миң жашоочусуна жер көчкү жана аймакты каптаган нөшөрлүү жамгырдан суу каптоо коркунучу болгондуктан, эвакуациялоого буйрук берилди. Бул тууралуу жума күнү, 21-майда жергиликтүү басылмалар билдирди.
Вакаяма префектурасынын 12 миңге жакын тургуну жана Осака префектурасынын 2 миң тургуну ушундай буйрук алышканы белгиленди.
Япониянын Улуттук метеорологиялык кеңсеси билдиргендей, күнүнө өлкөнүн айрым аймактарында 100 ммден 200 ммге чейин жаан-чачын жаашы мүмкүн.