"Манас" аба майданынын аймагында ПЦР-тест үчүн лаборатория ачылды
Новость www

"Манас" аба майданынын аймагында жүргүнчүлөрдү коронавирус инфекциясына карата текшере турган лаборатория ачылды. Түштүк Кореялык инвесторлор 2 млн доллар каражат сарптаган лабораториянын ички жабдууларынын баары заманбап талаптарга жооп берет. Анда бир саатта 600 адамдан анализдин жыйынтыгын чыгарууга болот. Күнү-түнү иштеп, суткасына 13 миңден ашык жүргүнчүнү тейлөөгө жетишет.

Имараттын ичине жургүнчүлөр кирбей туруп сырттан алардан анализ алынып, кыска убакыт аралыгында 100% дал келүү менен вируска чалдыккандыгы же соо экени аныкталат. Мындай ыкма бардык өнүккөн өлкөлөрдүн аэропортторунда жасалып сырттан келген жүргүнчүлөрдүн арасында оору болсо аларды шаарга киргизбей, вирустан коргонуу максатында иштейт. 

Ушундай эле лабораториялар эми Ош жана Бишкек шаарларынын аймагына да ачылат. Бул жерде илдеттин белгилери аныкталган жарандар болсо алар 14 күндүк обсервацияга ушул жерден жаткырылып, дарыланган соң шаарга кирүүгө же турист катары Ысык-Көлгө барууга уруксат берилет. 

Лабораториянын курулушу толугу менен Түштүк Кореялык инвесторлор тарабынан каржыланды. Ага жалпы болуп 2 млн доллар караат сарпталып, вирустун белгилерин тез аныктоочу 12 заманбап медициналык кызмат көрсөтөт.