Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда
Новость www

Өлкөдө күн сайын 200дөн кем эмес адамдан коронавирус аныкталууда. Адистер эпидемиологиялык абал жакшыра электигин айтып, ар ким өз саламаттыгы үчүн эмдөөдөн өтүүсү керектигин эскертүүдө. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чет өлкөлөргө чыгуудан карманып турууну эскертет.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Республика боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 100 миңден ашты. Ал эми акыркы бир түн ичинде дагы 6 киши көз жумду. Каза болгондор Чүй облусу менен Бишкек шаарынын тургундары. 

Учурда Бишкек дагы деле “кызыл аймакта”. Абал кооптуу болгондуктан эл көп чогулган жайларда рейддик иш-чаралар да жүргүзүлө баштады. Тагыраагы, санитардык ченемдердин сакталышы боюнча коомдук унаалар, кафе-ресторандар жана соода түйүндөр текшерилүүдө. Адистер, масалык той-топурларды убактылуу токтото турууну эскертишет.