Кыргызстанда коронавирус дагы 308 адамдан табылып, 8 бейтап каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте - 164, Ош шаарында - 12, Чүй облусунда - 76, Ош облусунда - 11, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 19, Жалал-Абад облусунда - 13, Баткен облусунда - 4 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 332 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 521 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 449 адам дарыланууда.
Алардын ичинен 994 бейтаптын абалы орто оор, 445 адамдын абалы оор жана 73 бейтап өтө оор абалда жатат. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 102 миң 186 адам тумоого кабылды. Алардын ичинен 95 миң 446 киши айыгып чыкса, 1 миң 743 адам каза болду.