Кыргызстанда 24-майга карата коронавирус дагы 191 адамдан аныкталды. Бишкек шаарында - 4, Чүй облусунда - 1, Талас облусунда - 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 121, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган. Ал эми бир сутка ичинде 308 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 224, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 64, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 4 адам сакайды.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 571 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 228 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1062 бейтаптын абалы орто оор, 411 адамдын абалы оор жана 81 бейтап өтө оор абалда жатат. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 102 миң 702 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 119 киши айыгып чыкса, 1 миң 757 адам каза болду.