Кыргызстанда 25-майга карата коронавирус дагы 298 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ал эми бир сутка ичинде 314 адам коронавирустан айыкты. Соңку бир күндө COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 8 бейтап каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 575 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 200 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1051 бейтаптын абалы орто оор, 420 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 433 киши айыгып чыкса, 1 миң 765 адам каза болду.