Айнура Акматова: Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы келет
Новость www

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингдин жүрүшүндө Кыргызстанга жакында Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы келе тургандыгын билдирди. 

«Вакцина гуманитардык жардам катары акысыз негизде берилет», - деди ал. Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай тарабынан берилген коронавируска каршы «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакциналардын кыйыр таасири байкалган жок.