Дүйнө боюнча коронавирустан 115 миң медицина кызматкери каза болду
Новость www

Дарыгерлер - бүгүнкү күндүн баатырлары. Пандемия башталгандан бери дүйнө боюнча коронавирустан 115 миң медицина кызматкери каза болду. Ага карабастан ак халатчандар күн сайын адам өмүрү үчүн күрөшүүнү улантууда.

Пандемия башталгандан бери ар бир адамдын саламаттыгы үчүн күрөшүп, өмүрүн тобокелге салган - ак халатчандар. Алардын айтымдарында, бир жарым жылдан бери коронавирус менен күрөш физикалык жактан гана эмес, эмоционалдык жактан дагы чарчатты. 

Пандемиядан улам күн-түн дебей иштеген медицина кызматкерлери психологиялык жактан жабыркап, чүнчүп кетишти. Буга медкызматкерлердин арасында жүргүзүлгөн изилдөө далил. 

Бүгүнкү күндө дүйнө боюнча коронавирустан 115 миң ак халатчан ажал тапты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору билдирди. Айтымында, оору менен күрөшүп, көз жумган медиктердин саны мындан да көп болушу мүмкүн. Мындай жагдай медиктердин тиешелүү жабдуулар менен камсыздалганбаганынан келип чыгууда. 

Бирок мындай статистикага карабастан, медицина кызматкерлери күн сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууда. Айлап үй-бүлөсүн көрбөй, чарчап турса дагы бейтаптарга жакшы маанай тартуулап, ыр сунган учурлар да жок эмес.

Ал эми 25-майга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 167 миллиондон ашык адам жуктуруп алды. Илдет жуктургандардын 10 пайыздан ашыгын медицина кызматкерлери түзөт. Буга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору бир мүнөттүк эскерүүнүн ордуна, кол чабуулар менен ак халатчандарга ыраазычылык билдирүүгө чакырды. Ошондой эле ал вирусту жеңүүнүн бирден-бир жолу эмдөө экенин айтып, калкты эмдөөдөн өтүугө чакырды.