Кыргызстанда 26-майга карата коронавирустан сегиз бейтап көз жумду. Анын төртөө Бишкек шаарында, үчөө Чүй, бир бейтап Талас облусунан. Вирус дагы 207 адамдан жаңы аныкталды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, оору аныкталгандар боюнча Бишкек шаарында басымдуу. Чүй, Ысык-Көл облустарында да илдет аныкталгандар көп. Ошол эле маалда бир күндө 332 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 596 бейтап, амбулатордук түрдө 245 адам дарыланууда.
Алардын ичинен 1071 бейтаптын абалы орто оор, 424 адамдын абалы оор жана 85 бейтап өтө оор абалда жатат. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 207 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 765 киши айыгып чыкса, 1 773 адам каза болду.