Кыргызстанда 77 миңден ашык адам коронавируска каршы эмделди
Новость www

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы вакцинаны 5 438 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жалпы 77 481 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 27 602 вакцинанын экинчи дозасын алды. Эскерте кетсек, Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган. 

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң өлчөмү алынып келген. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинанын кыйыр таасири аны алгандар арасында байкалган жок.