Кыргызстанга жакын арада Кытайдан коронавируска каршы "Sinopharm" вакцинасынын 150 миң, Орусиядан "Sputnik-V" вакцинасынын 80 миң дозасы келерин Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Буга чейин Кыргызстанга "Sinopharm" вакцинасынын 150 миң дозасы келгени, ал 75 миң кишиге жетери айтылган. "Sputnik-V" вакцинасынан 40 миң доза алынган, ал 20 миң кишиге сайылат. Медициналык эреже боюнча бир адам эки жолу вакцина алууга тийиш. Биринчи жана экинчи өлчөмдүн ортосунда 21 күндүк тыныгуу болот. Орусия вакцинасы 65 жаштан улуу жана өнөкөт оорусу барларга, Кытайдыкы каалоочулардын баарына сайылууда.
Ишенапысованын айтымында, Бишкек шаарында кытай вакцинасынын экинчи дозасы гана калды. Жалпысынан өлкө боюнча 80 миңден ашуун адам эмделди. Июнда британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасынын 210 миң кишиге ылайыкталган дозасы келери айтылган.