Кыргызстанда 27-майга карата коронавирустан 8 бейтап көз жумду
Новость

Кыргызстанда 27-майга карата коронавирустан сегиз бейтап көз жумду. Дагы 376 адамдан оору аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат. 

Соңку бир күндө 386 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 614 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 11 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 108 бейтаптын абалы орто оор, 404 адамдын абалы оор жана 84 бейтап өтө оор абалда жатат. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 632 медицина кызматкери инфекцияны жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 553 медкызматкер айыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң 583 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 97 миң 151 киши айыгып чыкса, 1 миң 781 адам каза болду.