Кыргызстанда 28-майга карата коронавирус дагы 283 адамдан аныкталды
Новость ktrk.kg www

Кыргызстанда 28-майга карата коронавирус дагы 283 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде 391 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 658 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 854 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 126 бейтаптын абалы орто оор, 422 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң 866 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 97 миң 542 киши айыгып чыкса, 1 миң 788 адам каза болду.