Коронавирусту дарылоого керектүү болгон дары-дармектер Россиядан Кыргызстанга жеткирилет
Новость www

Коронавирусту дарылоого керектүү болгон дары-дармектер Россиядан Кыргызстанга жеткирилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди. 28-майда элчи Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын «Новофарм» ачык акционердик коому жана Россиялык «Промомед» компаниясынын жетекчилеринин жолугушуусуна катышты. 

Анын алкагында, Россияда өндүрүлгөн жана COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясын дарылоодо колдонулган дары-дармектерди Кыргызстанга жеткирүү жөнүндө келишимге кол коюлду. 

Элчи COVID-19га каршы күрөшүүдө Кыргызстанга Россия тарабынан көрсөтүлгөн ар тараптуу жардамды белгилеп, Россияга заманбап медициналык жабдууларды Кыргызстанга жеткирүү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандарды натыйжалуу дарылоого мүмкүнчүлүк түзүп, кыргызстандыктардын ден соолугун жана өмүрүн сактоого кызмат кылат деп үмүттөнөрүн билдирди.