Өткөн сутка ичинде өлкөдө коронавирус дагы 174 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата коронавирус дагы 174 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

 Маалыматка ылайык, Бишкекте - 95, Ош шаарында - 26, Чүй облусунда - 7, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 15, Жалал-Абад облусунда - 17, Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 696 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 653 адам дарыланууда. Алардын ичинен 94 бейтап өтө оор абалда жатат. 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 104 миң 729 адам коронавирус жуктурду.