Кыргызстанга коронавируска каршы кытайлык Sinopharm вакцинасын жеткирүү маселеси чечилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, вакцинаны өлкөгө жеткирүүгө ЮНИСЕФ эл аралык уюму көмөктөшөт. “Ушул жумада вакцинанын канчалык көлөмдө келе турганы тууралуу так маалымат түшөт”, - дейт Ишенапысова.