Кыргызстанда 1-июнга карата коронавируска дагы 382 адам кабылып, 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Айтымында, Бишкекте - 184, Ош шаарында - 40, Чүй облусунда - 70, Ош облусунда - 24, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда - 10, Ысык-Көл облусунда - 27, Жалал-Абад облусунда - 20, Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылды. Ал эми бир сутка ичинде 329 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Бүгүнкү күнү стационарларда вирустан 1 миң 634 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 758 адам дарыланууда. Алардын ичинен 86 бейтап өтө оор абалда жатат.