Өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдай. Өткөн суткада 6 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда 2-июнга карата коронавирус дагы 358 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 163, Ош шаарында - 64, Чүй облусунда - 64, Ош облусунда - 19, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 20, Жалал-Абад облусунда - 18, Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылды. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 660 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 94 бейтап өтө оор абалда жатат. 

Акыркы сутка ичинде 5 миң 615 ПЦР изилдөө жүргүзүлдү. Сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 105 миң 469 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 99 миң 175 киши айыгып чыкса, 1 миң 821 адам каза болду.