Кыргызстанда 4-июнга карата коронавирус дагы 383 адамдан аныкталды
Новость www

Кыргызстанда 4-июнга карата коронавирус дагы 383 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 177, Ош шаарында – 38, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган. Ошондой эле бир сутка ичинде 320 адам коронавирустан айыгып чыккан. 

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Ысык-Көл облусунда – 2 бейтап каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 678 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 888 адам дарыланууда. Алардын ичинен 105 бейтап өтө оор абалда жатат.