413 адам коронавируска чалдыкты
Новость

Кыргызстанда коронавирус дагы 413 адамдан аныкталганын Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 157, Ош шаарында – 51, Чүй облусунда – 98, Ош облусунда – 41, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда – 8 адам илдетке чалдыккан. 

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 733 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 102 бейтап өтө оор абалда жатат. Өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери оорудан 1 миң 842 адам каза болду.