Кыргызстанда өткөн суткада коронавируска каршы вакцинаны 2 миң 546 адам алды
Новость

Кыргызстанда өткөн суткада коронавируска каршы вакцинаны 2 миң 546 адам алды. Алардын ичинен 1 миң 735ине экинчи доза сайылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 86 миң 883 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 42 миң 29у вакцинанын экинчи дозасын алды. 

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган. 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген. 

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.