Өткөн суткада коронавирус 362 кишиден табылып, 275 бейтап айыкты
Новость www

Өткөн суткада коронавирус 362 кишиден табылып, 275 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Илдет Бишкекте - 209, Ош шаарында - 39, Чүй облусунда - 30, Ош облусунда - 30, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 16, Жалал-Абад облусунда - 19, Баткен облусунда - 9 кишиден аныкталды. 

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда ооруга 107 миң 335 чалдыгып, мунун 100 миң 722си дартты жеңген. Кечээтен бери коронавирустан беш адам көз жумду. 14 медиктен илдет аныкталып, мунун экөөсү ооруну кызыл тилкеде иштеп жүрүп жуктурганы айтылды.