Адамдар коронавирусту толугу менен жеңе албайт, андыктан вирус менен жашоого үйрөнүшүбүз керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун өкүлү Дэвид Набаррого шилтеме кылып ВВС агенттиги билдирди.
Ошондой эле адис - адам баласы мындан ары коронавирустун жаңы толкундарына таң калбай жашаганга көнүшү керектигин кошумчалады. Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө COVID-19ду 173 миллиондон ашык адам жуктурду. Анын ичинен 3,7 миллиондон ашыгы көз жумду. Ал эми 2,1 миллиард киши вируска каршы вакцина алды.