Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус дагы 969 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында – 611, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 86, Ош облусунда – 22, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 20, Ысык-Көл облусунда – 59, Жалал-Абад облусунда – 88, Баткен облусунда – 59 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 1 миң 616 адам илдеттен сакайып чыкты.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 14 адам каза болгон. Алар Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 935 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 272 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 159 миң 89 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 138 миң 316 киши айыгып чыкса, 2 миң 275 адам каза болду.