Кыргызстанда 13-октябрга карата коронавирус 63 адамдан аныкталды
Новость www

Кыргызстанда 13-октябрга карата коронавирус 63 адамдан аныкталганын Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 35, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган. 

Ал эми бир суткада 122 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 623 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 492 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 320 киши айыгып чыкса, 2 миң 624 адам каза болду.