Кыргызстанга Pfizer жана Sinofarm вакциналары келди
Новость www

27-октябрда Кыргызстанга 250 миң доза Pfizer жана 111 миң 600 өлчөмдө Sinofarm вакциналары келгенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Төмөнкү вакциналар COVAX программасы аркылуу Кыргызстанга жеткирилген үчүнчү партия. "Эмдөө COVID-19га каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы экенин жана эмдөө алыш керектигин түшүнүшүбүз керек. Биргелешкен аракеттерибиз менен коронавирус инфекциясына каршы тура алабыз деп ишенем", - деди министр. Белгилей кетсек, вакциналар АКШнын өкмөтү тарабынан берилди.