Балдарды жана өспүрүмдөрдү коронавирус инфекциясынан коргоо үчүн чоңдор вакцина алышы керек. Бул тууралуу Москва мамлекеттик университетинин биология факультетинин вирусология кафедрасынын профессору Алексей Аграновский билдиргенин РИА Новости жазды.
"Өспүрүмдөр эмдөөдөн өткөнгө чейин чоңдор вакцина алышы керек. Анткени мектеп, бала бакча, спорттук секциялар менен ийримдерде чоң кишилер иштейт. Бул ооруну түп-тамырынан жок кылбаса да азайта алат", — деди эксперт.
Белгилей кетсек, коронавируска каршы вакцинаны башында 18 жаштан жогоркулар алып келген. Акыркы айда өспүрүмдөр да ала баштады. Маселен, Россиянын "Спутник V" вакцинасын 12-17 жаштагы балдарга колдонууга уруксат берүү үчүн июль айында сыноо башталган. Балдарга бир дозанын 10дон бир бөлүгү куюлган. Учурда жыйынтыгы күтүлүүдө. Ал эми Өзбекстанда коронавируска каршы 177 миң өспүрүм эмделгени белгилүү болду.