Өлкөдө 29-мартка карата коронавирус 17 адамдан аныкталып, 1 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда 29-мартка карата коронавирус 17 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Бишкек шаарында - 11, Чүй облусунда - 6 адамдан вирус табылды. Акыркы суткада 12 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 98 бейтап, амбулатордук түрдө 49 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 909 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 196 миң 193 киши айыгып чыкса, 2 миң 986 адам каза болду.