Олимпиада-2024: Бүгүн дзюдочу Эрлан Шеров мелдешке чыгат
Новость

Бүгүн, 31-июлда Париж Олимп оюндарында дзюдочу Эрлан Шеров мелдешке чыгат.  

Кыргыз спортчусу 1/32 финалдык баскычта кубалык дзюдочу Иван Фелипе Сильва Моралес менен таймашат. Ал 90 килограммга чейинки салмакта күрөшөт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.