Үзүр Жузупбеков көңүл жубатуучу мелдеште жеңишке жетти
Новость

Бүгүн, 7-августта Париж Олимп оюндарында Үзүр Жузупбеков килемге чыкты.

Анда кыргыз балбаны АКШлык Джозеф Патрик Рау менен 97 килограмм салмак ченинде күч сынашты.

Үзүр Жузупбеков атаандашын 9:4 упай менен жеңип, грек-рим күрөшү боюнча коло байге үчүн мелдешке чыгат.

Беттеш бүгүн кечинде болот.