Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунда негизги жумуштардын бири болгон туннель казуу иштери кызуу жүрүүдө. Төш-Кутчу менен Эшме тилкесин бириктирген аймакта узундугу 4 чакырымга жакын туннелдин курулушу кубаттуу техникалардын жардамы менен жүрүп жатат. Курулуш иштери эл аралык байланыштарды бекемдөөгө, экономикалык өсүштү камсыздоого, соода жана өнөр жайды өнүктүрүүгө өбөлгө болот.
Кылым курулушунун алкагында Жалал-Абад облусунда дагы бир нече туннель салынат. Сузак районундагы туннелден тышкары Тогуз-Торо районунда да туннель казуу иштери жигердүү жүргүзүлүүдө. Бул темир жол жөн гана транспорттук тутум эмес, чыгыш менен батышты байланыштырып турган мега долбоор катары бааланууда. Азыркы тапта Жалал-Абад жергесинде рельефи татаал делген аймактарда иш кызуу жүрүүдө.
Тилке башчысы Виктор Хуонун айтымында, курулуштун алдында зарыл болгон өндүрүштүк ишканалар салынып, жумушчулар үчүн шарттар түзүлгөн.
Биз азыркы тапта Жалал-Абад шаарындагы Төш-Кутчу деген тилкеде туннель казып жатабыз. Негизги басым туннелди курууга жасалууда. Иштер пландын негизинде активдүү жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик дагы көз салып, муктаждыктарды өз убагында чечип берүүдө», — деди ал.
Учурда бул тилкеде 300гө жакын куруучу эмгектенүүдө. Мындан тышкары миңдеген жумуш орундары түзүлүп, жаңы логистикалык мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын аймагы аркылуу 300 чакырымдан ашуун аралыкты басып өтөт. Долбоордун жалпы наркы 4 млрд. 700 млн долларды түзөт. Анын алкагында узундугу 120 чакырымды түзгөн 46 көпүрө жана 27 туннел курулат. Маршрут Кытайдын Кашгар шаарынан башталып, Кыргызстан аркылуу өтүп, Өзбекстандын Анжиян шаарына жетет.
2024-жылдын 27-декабрында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына старт берилген. Анда Президент Садыр Жапаров бул ири долбоор транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарына жооп берерин билдирген. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун ийгиликтүү ишке ашуусу менен Кытай жана Европа сыяктуу дүйнөлүк ири рынокторго түз жана кыска мөөнөттө жүк жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул масштабдуу долбоор Кыргызстанды Евразия континентиндеги транзиттик зонага чыгарып, дүйнөлүк темир жол тутумуна кошулуусуна мүмкүнчүлүк берет.