Ички иштер министрлиги буга чейин 17 жаштагы Айсулуу Мукашевага карата өзгөчө оор кылмыш жасоого шектелген, 1984-жылы туулган К.А. кармалганын кабарлаган.
Бул кайгылуу окуя 2025-жылдын күз айларында бүт өлкөнү дүрбөлөңгө салган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында шектүү кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө анын бул иш менен эле чектелбестен, бир катар башка оор кылмыштарга да катыштыгы бар экени белгилүү болгон. Ал бир нече жаш кыздарга байланышкан кылмыштар боюнча да жоопкерчилик бар экенин мойнуна алып, алардын дайынсыз жоголушу боюнча маалымат берген.
Иликтөө учурунда кылмыштардын чынжыры 2015-жылдан тартып эле токтотулушу мүмкүн экени аныкталган. Ал жылы К.А. 21 жаштагы кызга каршы оор кылмыш жасоо аракетинен кийин кармалып, күнөөсү далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2016-жылы Бишкек шаардык сотунда айрым судьялардын, прокурордун жана жактоочунун катышуусунда ЖПКнын нормалары бузулуп, жаза мөөнөтү негизсиз жеңилдетилген. Натыйжада ал 3 жылдан кийин бошотулуп, кылмыштуу аракетин уланткан.
2025-жылдын күзүндө К.А. жана анын жакындары бул иш боюнча кеңири көрсөтмө берип, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу мүмкүнчүлүгүн берген коррупциялык схеманын жагдайлары толук ачылган.
Топтолгон материалдардын негизинде жактоочу кармалып, ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Судьялар кеңеши көрсөтүлгөн судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун колдогон.
Учурда С.Б., Ж.М. жана К.А. аттуу судьяларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) жана 352-беренеси (Сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт) боюнча айып угузулган. Ошондой эле прокурор Д.М. КЖКнын 336-беренеси боюнча айыпталууда.
Биринчи май райондук соту айыпталуучуларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандаган.
Демек, сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөр Айсулуунун жана башка жабырлануучулардын кайгылуу кесепеттерине түздөн-түз шарт түзгөн.
Учурда тергөө иштери уланууда.