Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы кесип: Оор диагноз менен бетме-бет келген нейрохирург
Новость

Нейрохирургия медицинадагы эң татаал тармактардын бири. Анткени баш мээси менен байланышкан ооруларда жана оор диагноздордо дарыгердин ар бир чечими чоң жоопкерчиликке байланыштуу. Кээде дарыгер бир нече саатка созулган операцияларды жүргүзүп, кээде бейтапка жана анын жакындарына оор кабар айтуу менен бетме-бет келет. Баш мээси жана жүлүн оорулары, оор диагноздор, өмүр үчүн акыркы күрөш — нейрохирургиянын күнүмдүк чыныгы айкын көрүнүштөрү. Нейрохирург Дөөлөс Муратов өз кесибинин түйшүгүн, татаалдыгын, күнүмдүк иши жана адамдын өмүрүндөгү жоопкерчилиги тууралуу УТРКнын кабарчысы Бурулсун Айдарбековага айтып берди.

Дөөлөс Муратов нейрохирургия тармагында дээрлик 16 жылдан бери эмгектенип келет. Ал 1985-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Талап айылында төрөлгөн. 1992-жылы Саруу айылындагы Садык Сыдыков атындагы орто мектепке кирип, аны 2003-жылы аяктаган. Анын бул тармакка келүүсүнө апасы түрткү берген. Апасы колунда шыпаасы бар, айылдагы балдарды өзү эле эмдеп, дарылаган элдик дарыгер болгон.

Blue and Yellow Gradient Meditation Youtube Thumbnail - 2025-12-15T181835.735.png 1.11 MB
Медицинадагы узун жол

— 2003-жылы Дөөлөс Муратов Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын “Дарылоо иши” факультетине тапшырып, 3-курстан баштап Улуттук госпиталдын нейрохирургия-1 жана ангионеврология-2 бөлүмдөрүндө медициналык орто кызматкер болуп иштей баштаган. 2009-жылы КММАны ийгиликтүү бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун нейрохирургия факультетинин ординатурасына тапшырып, Улуттук госпиталдын нейрохирургия жана нейротравматология бөлүмдөрүндө атактуу академиктерден, профессорлордон практикалык билим алган. 2011-жылы ординатураны бүтүрүп, Улуттук госпиталдын нейротравматология-2 бөлүмүндө, андан соң шашылыш медициналык жардам бөлүмүндө нейрохирург болуп иштеп келе жатат. Учурда Улуттук госпиталдын профсоюзунун төрагасы, ошондой эле нейрохирургия боюнча аспирантураны бүтүрүп, кандидаттык илимий ишти жактоонун алдында турат.

WhatsApp Image 2025-12-14 at 13.17.20 (2).jpeg 43.95 KB
Баш жана жүлүн мээси менен иштөө татаал

— Нейрохирургия медицинадагы эң жоопкерчиликтүү жана оор тармак. Баш мээси жана жүлүн менен иштөө өтө татаал, ар кимдин эле колунан келе бербейт. Дүйнөлүк практикада нейрохирургиялык оорулар көп кездешет. Заманбап технологиялар өнүккөн сайын диагностика жеңилдеген менен, дарылоо жолдору ар түрдүү жана оңой эмес. Нейрохирургия чоң жоопкерчиликти, терең билимди, техникалык каражаттарды талап кылат. Мисалы, мээ жана жүлүн шишиги, мээнин кан тамыр оорулары, инсульт, мээнин оор жаракаттарын дарылоо өтө оор жана бир күндө чечиле турган маселе эмес. Жалгыз дарыгер жетишсиз. Бул үчүн билимдүү, мултидисциплинардык мыкты команда, заманбап медициналык каражаттар, татыктуу шарттар, инструменттер, жабдыктар, операцияга керектүү материалдар жана дары-дармектер болушу зарыл.

Бир секунд кечигүү – бир бейтаптын тагдыры

— Күн сайын мээ жана жүлүн жаракаттары, инсульт, мээ шишиктери, кан куюлуулар, омуртка дисктеринин грыжасы, шашылыш операциялар жана оор абалдагы бейтаптар менен иштөөгө туура келет. Көп учурда чечимдерди бат жана туура кабыл алуу талап кылынат. Бул тармакта бир секунд кечигүү бейтаптын тагдырына таасир этет. Нейрохирургияда өмүргө коркунуч туулган, убакыт тар болгон учурларда чечим кабыл алууда тажрыйбага жана технологияга таянабыз. Биринчи секунддарда тажрыйба негизги роль ойнойт. Анткени шашылыш кырдаалдарда, мисалы кан куюлуп кетсе же мээ шишисе, дарыгер көп жылдык тажрыйбасына таянып, кайсы кадамды азыр жасоо керек, кайсынысын кийин жасоо керектигин билет. Экинчи — технология. Ал шек жараткан диагнозду аныктап, операциянын коопсуз жолун көрсөтөт, бирок акыркы чечимди дарыгер гана кабыл алат. Кээде кутүлбөгөн кан кетсе же анатомия башкача болсо, аппарат нормалдуу көрсөткөндө да бейтаптын абалы начарлап кетиши мүмкүн; мындайда тажрыйба жана интуиция чечим чыгарат. Медицинада эң кооптуу сөз: “аппарат жакшы көрсөткөн.” Ошондуктан өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган учурда 40% тажрыйба, 30% клиникалык ой-жүгүртүү, 30% технология роль ойнойт.

WhatsApp Image 2025-12-14 at 13.17.20 (8).jpeg 106.9 KB
Миллиметрдик кылдаттык, кыл үстүндөгү өмүр

Бир жолу өтө оор мээ операциясы болгон. Бейтаптын абалы критикалык — баш сөөгүнүн ичинде кан топтолуп, басым өтө жогору. Команда менен пландалган 3 сааттык операция башталды. Бейтаптын кан тамырлары ичке болгондуктан өмүрү коркунучта болчу. Кан агымын токтотуу үчүн миллиметрдик тактыкта иш жүргүзүлдү. Ошол секундда туура эмес кадам — кайтарылгыс натыйжа. Бирок команда менен биргеликте, техника так колдонулду, кан токтотулду жана бейтап калыбына келе баштады. Мындай окуя адам өмүрү миллиметр менен өлчөнгөн чечимдерге байланыштуу экенин көрсөттү. Нейрохирургия — бул жалгыз гана операция эмес, чоң жоопкерчилик. Дарыгер үчүн эң оор нерсе — мээни операциялоо эмес, адам тагдыры сенин чечимиңе байланганын билүү жана ошого карабай туура чечим кабыл алуу.

Мээ жаракаттарындагы эң чоң коркунучтар

— Мээнин шишип кетиши, кан куюлуулар, эс-учун жоготуу, сүйлөөнүн, эстин, кол-бут кыймылынын бузулушу, инфекция коркунучу, талмага айлануу көп кездешет. Булардын ар бири өзүнчө чоң коркунуч жаратат. Ошондой эле эң көп кайталаганган мээ оорулары инсульт, баш мээ жаракаттары, мээ шишиктери, жана талма оорусу.

Операциядан кийинки абал

— Калыбына келүү процесс этап-этабы менен жүрөт: шишик азаят, андан кийин реабилитация башталат — дары-дармек, физиотерапия, логопед, психолог, нейрореабилитация. Мээнин пластикалуулугу айрым функцияларды кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет, бирок ар бир бейтапта ар башкача. Жаштар тез калыбына келсе, улгайган курактагыларда кошумча оорулар көп болгондуктан коркунуч жогору. Заманбап ыкмалар менен сакайтуу мүмкүн.

Blue and Yellow Gradient Meditation Youtube Thumbnail - 2025-12-15T182150.743.png 1.03 MB
Секунддук алаксыган ой — өмүрдүн баасы 

—Терең жайгашкан мээ шишиктери, кан тамыр аневризмалары, жүлүн жана омуртка операциялары эң оор. Айрым операциялар 8–12 саатка чейин созулат. Алгачкы сааттарда ой так болот, пландалган этаптар көз алдыңда турат. 4–6 сааттан кийин физикалык чарчоо билинет, бирок мээ эс алууга укугу жок. 8–10 саатта чарчоо чегине жетет. Бейтаптын үй-бүлөсүн ойлогондо да чарчоого болбойт, себеби бир секунддук алаксыган ой — бир өмүрдүн баасы. Эң оор учур — күтүлбөгөн кан кетүү же анатомиянын башкача чыгышы. Ошол секундда артка жол жок. Бул учурда эмоцияга алдырбай, анатомияга гана көңүл буруу керек.

Роботтор жана нейросеттер

— Операциянын тактыгын жогорулатат, навигацияга жардам берет, диагноз коюуда жана реабилитацияда роль ойнойт. Бирок аппарат чечим кабыл албайт — чечимди дарыгер чыгарат.Ийгиликтүү операция болгон менен бейтап толук калыбына келбей калышы мүмкүн

Кечигип келгенди медицина кечирбейт...

— Себептер көп. Баштапкы жабыркоо кайтарылгыс болушу мүмкүн, бейтап кеч кайрылат, операциядан кийин татаалдашуулар чыгат, организмдин жалпы абалы алсыз болот же реабилитация жетишсиз калат. Операция — бул биринчи этап гана. Кээде дарыгер операцияны идеалдуу жасайт, бирок организм жооп бербей калат. Бул дарыгердин катасы да, бейтаптын күнөөсү да эмес — бул биологиянын чеги. 

WhatsApp Image 2025-12-14 at 13.26.25 (2).jpeg 134.3 KB
Үзүлбөгөн үмүт: Оор диагнозду бейтапка же анын жакындарына айтуу эң оор

— Бул дарыгер кесибиндеги эң оор этап. Ар бир сөз таразаланат. Жалган үмүт бербеш керек, бирок адамдык мамилени жоготпоо зарыл. Кээде эң туура чечим — унчукпай угуу. Медициналык терминдер менен бейтаптын жакындарын коркутпоо маанилүү. Нейрохирургияда жыйынтык ак-кара эмес: бейтап толук айыгып, мурдагы жашоосуна кайтып келиши мүмкүн, же өмүр сакталат, бирок кемтик калат. Айрым учурда бардык аракеттерге карабастан организм жеңилип калат. Ийгиликсиз учурларда дарыгерде суроолор жаралат: “Башкача кылсам болмок беле?” Бейтап сыяктуу эле дарыгерге дагы оор. Болгону дарыгер бейтепке кайгысын көрсөтпөшү керек. “Тагдыр экен, Кудайдын иши” деген жооткотуулар жакындардын жарасын тереңдетет. Оор диагноз аныкталгандан кийин кээде дарыгер чындыкты айтууга милдеттүү, бирок ошол чындык бейтапка жана анын жакындарынын жан дүйнөсүн талкалап коюшу мүмкүн. 

Операциялар түшкө кирет...

— Оор операциялар жана өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган бейтаптар дарыгер психологиясына чоң таасир тийгизет. Байкалбаган чарчоо — кадимки чарчоо эмес. Уктаганда мээ токтобойт, операциялар түшкө кирет, монитордун үнү кулагыңда угула берет. Ар бир бейтапты сактап калуу мүмкүн эмес, муну кабыл албасаң өзүңдү-өзүң жейсиң. Кээде “Мен колумдан келгендин баарын жасадым” деп алаксытуу керек. Эң оор учур — “Баары туура жасалды, бирок натыйжа жок.” 

WhatsApp Image 2025-12-14 at 13.17.20 (6).jpeg 129.1 KB
Айрым бейтаптар өмүр бою эсте калат

— Адатта эң эсте калганы – өмүр менен өлүм ортосунда келген бейтапты сактап калуу, же сүйлөй албай, кыймылдай албай келген адамдын кайра басып, сүйлөп кеткени. Сүйлөшүү, бөлүшүү, эс алуу — дарыгер үчүн алсыздык эмес, кесиптик жоопкерчилик. Айрым бейтаптар өмүр бою эсиңде калат. 

Телефонго ашыкча көз каранды болбоо зарыл. 

— Баш мээ жаракатын алдын алуу үчүн кан басымды көзөмөлдөө, туура тамактануу, уйку режимин сактоо, жөө басуу, спорт, логикалык оюндар, стрессти башкаруу жана ниетти оңдоо маанилүү. Телефонго ашыкча көз каранды болбоо зарыл. Узак стресстен нейрондордун байланышы алсырап, эс тутум начарлап, уйку бузулат. Депрессия мээнин айрым аймактарын пассивдештирип, чечим кабылдоону кыйындатат. Нейрохирургия — бул техника эмес, жоопкерчилик, миллиметрдик кылдаттык жана бир секунддук чечимдер аркылуу адамдын тагдыры аныкталган кесип. Ийгиликтүү операция жана калыбына келүү көп факторлордон көз каранды. Дарыгердин тажрыйбасы, команда, технология жана бейтапка адамдык мамиле — баары тең бейтаптын өмүрү жана сапаттуу дарылоо үчүн маанилүү. Ошондуктан нейрохирургия — бул медициналык илим гана эмес, адамдык жоопкерчиликтин жогорку формасы 

Айлык акы тобокелдикке дал келбейт

Кыргызстанда нейрохирургияда олуттуу көйгөйлөр бар. Көпчүлүк ооруканаларда жабдуулар эскирген, МРТ, КТ жана ангиографиялык аппараттар жетишсиз, операциялык микроскоп жана нейронавигация аз колдонулат. Кадр маселеси дагы маанилүү: жаш нейрохирургдар чет өлкөгө кетет, аймактарда дарыгерлер жок, заманбап клиникалык протоколдор толук киргизилбеген. Дарыгерлердин айлыгы жана шарттары жетишсиз; жогорку тобокелдүү операцияларда жоопкерчиликтин деңгээли менен айлык дал келбейт, эски жабдуу жана материалдын жетишсиздиги дарыгерди чарчатып, катанын тобокелдигин жогорулатат. Натыйжада күчтүү адистер кетет же жеке секторго өтөт, калгандары чарчайт, бейтаптын коопсуздугуна таасир тийет. Медицинаны өнүктүрүүнүн негизги үч таянычы — күчтүү кадр, заманбап жабдуу жана туура башкаруу. Чет өлкөдө стажировкадан келген адистерди сактоо, ар бир жабдууну окутуу жана тейлөө, улуттук программаларды ишке ашыруу натыйжаны камсыз кылат. Эң маанилүүсү — кадр, себеби “Кадр жок жерде эң кымбат технология да иштебейт, технология жок жерде кадр өнүгө албайт.”