Кыргызстан Борбор Азиянын “ири секирик” жасап жаткан жаңы жолборсу
Новость

Кытай менен Казакстандын ортосунда жайгашкан чакан мамлекет — Кыргызстан — реэкспорт, мигранттардын акча которууларын жана туризмдин өсүшүн пайдалануу менен чет элдик инвестицияларды тартуу аркылуу өзүн Борбор Азиянын жаңы “жолборс экономикасы” катары көрсөтүүдө. Бул тууралуу АКШдагы абройлуу “Блумберг”  (bloomberg.com) маалымат агенттиги жазып чыкты. 

Агенттик Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев менен маектешип, анын жоопторуна жана дүйнөлүк финансы уюмдарынын маалыматтарына таянуу менен өлкөнүн экономикалык абалына саресеп салган. 

Ага караганда, өлкө экономикасы быйылкы жылды 10 пайыздан ашык өсүү менен жыйынтыкташы күтүлүүдө. Акыркы үч жылда реалдуу ички дүң өнүм (ИДП) жыл сайын кеминде 9 пайыз өсүп келген. 

“Мындай өсүүнүн башкы факторлору - туризмдин жанданышы, курулуш тармагы, ички керектөөнүн көбөйүшү жана Кытай товарларын коңшу өлкөлөргө реэкспорттоо”,- деп белгилеген Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев.

Эл аралык валюта фондунун божомол эсебинде, (ЭВФ) алдыдагы беш жылда Кыргызстандын экономикасынын өсүшү жылына 5 пайыздан ашык деңгээлде сакталат. Кыргызстан Кытай менен катар Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу постсоветтик өлкөлөр менен чектешет. Бул аймактагы экономика 2022-жылы Россия Украинага аскер киргизгенден кийин санкцияларга байланыштуу соода агымдары өзгөрүп, импорт-экспортто ортомчу ролду аткаруу аркылуу кошумча импульс алган. 

«Акыркы жылдардагы геосаясий окуялардын фонунда аймактагы соода структурасы олуттуу өзгөрүүгө дуушар болду. Өлкө регионалдык жана глобалдык соодага активдүүрөөк интеграциялана баштады»,- деп айткан Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев аталган агенттиктин суроолоруна жооп берип жатып. 

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда да, Кыргызстандын ички дүң өнүмү тездик менен өсүүдө. Өлкө экономикасы рээкспорттун, мигранттардан келген каражаттардын жана курулуш тармагындагы өсүштөн пайда көрүүдө. 

Ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлор да экономикага жана чет элдик инвестицияларды тартууга зор колдоо көрсөтүүдө. Алардын катарына жалпы наркы 10 миллиард доллар деп эсептелген Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоору жана Нарын дарыясына курулчу Камбар-Ата-1 ГЭСи кирет. “Темир жол өлкөнүн логистикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтсе, гидроэлектр станциясы Кыргызстанды электр энергиясын экспорттоочу мамлекетке айлантат”,- деп кошумчалаган Мелис Тургунбаев.

Калкы 7,3 миллион болгон Кыргызстан быйыл өзүнүн алгачкы еврооблигациясын чыгарып, 700 миллион доллар тартуу менен глобалдык инвесторлорду кызыктырган Борбор Азия өлкөлөрүнүн катарына кошулду. 2030-жылдын июнунда төлөнө турган мамлекеттик облигациялар ушул декабрь айынын ортосунда өнүгүп келе жаткан жана чек аралаш өлкөлөрдүн ичинен эң мыкты көрсөткүчтү көрсөтүп, чыгарылган май айынан берки эң жогорку деңгээлге жетти.

Ошол эле учурда Кыргызстандан бир канча жыл мурда сыртка иш издеп агылган эмгек мигранттарынын көбү Россияда иштеп, ошол өлкөдө орун-очок алып калган. Алар Ата Мекенине жыл сайын миллиарддаган долларларды салып турат. Эсеби маселен, быйыл январь - сентябрь айларында эле мигранттардан келген жалпы акча которуулар 16,4 пайызга өсүп, 2,6 миллиард долларды түзсө, анын дээрлик 93 пайызы Россиядагы кыргыз мигранттарына тиешелүү. Кыргызстандан сыртка акча которуулар ошол эле мезгилде 300 миллион долларды гана түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 13,1 пайызга азайган.

Дагы бир жагдай – Кытайдын товарлары көп учурда Россияга Кыргызстан аркылуу кирет. А Кыргызстан Казакстан менен бирге Москва жетектеген Евразия экономикалык биримдигине мүчө.  

«Россиялык туристтердин саны кескин көбөйдү. Бул мурдагыдан алда канча көп жана экономикага пайда алып келүүдө»,- деди Тургунбаев.

Бирок баары сыдыргыга салгандай эмес. Россиядан импорттолгон товарларды коштогон инфляциянын таасиринен баалардын өсүшү 8 пайыздан ашып, Улуттук банк ноябрда негизги пайыздык ченди 100 базистик пунктка жогорулатуу менен 11 пайызга жеткирүүгө аргасыз болду. Инфляциянын негизги себеби — күйүүчү майдын кымбатташы, ал негизинен Россиядан ташылып келет.

Мындан тышкары Бишкек да Москвага каршы киргизилген санкцияларды этибарга албай коё албайт. «Көптөгөн россиялык банктар санкцияга кабылып, финансылык операцияларды жүргүзүү барган сайын татаалдап барат», — деп белгилеген Мелис Тургунбаев.

Ошол эле учурда Кыргызстан Кытай менен Россиянын ортосунда балансты кармоо, Өзбекстан менен Казакстан сыяктуу ири рыноктор менен инвестиция үчүн атаандашуу сыяктуу маселелерге да туш келүүдө. ЭВФнын июнь айында жарыялаган баяндамасында Кыргызстандын экономикалык келечеги мурдагыдай эле геосаясий кырдаалга катуу көз каранды бойдон калып жатканы белгиленген. 

«Россияга каршы санкциялардын мындан ары да күчөшү рубль арзандашына жана Россиядагы экономикалык өсүштүн жайлашына алып келип, мигранттардан келчү акчаны азайтышы жана жалпы өсүштү алсыратышы мүмкүн», — деп айтылат ЭВФтин июнь айындагы баяндамасында. — «Ал эми региондо туруктуу тынчтык орносо, тескери таасир бериши ыктымал, бирок акыркы жылдары өсүшкө өбөлгө түзгөн айрым соода жана финансылык агымдар да азайышы мүмкүн».

Учурда Кыргызстандын экономикасы өзүнүн алтын резерви менен корголууда. Мелис Тургунбаевдин сөзүнө караганда, ал 1-декабрга карата 8,3 миллиард долларга жетип, жалпы резервдик көлөмдүн 70 пайызын түздү. Үчүнчү кварталдын аягында алтын запасы 40,7 тонна (1,3 миллион трой унций) болгон. Бул 2024-жылдагы болжолдуу 24 тонна жылдык алтын өндүрүшүнөн кыйла жогору.

Быйыл алтындын баасы 60 пайыздан ашык кымбаттаганына байланыштуу Улуттук банк үч тоннадай гана алтын сатып алды. Ошого карабай, Дүйнөлүк алтын кеңешинин маалыматы боюнча, 2023-жылдан бери Кыргызстандын алтын резерви дээрлик эки эсеге көбөйдү.

Быйыл октябрь айында Кыргызстан Улуттук банктын жаңы имараты менен кошо миң тонналык алтын сактоочу кампаны ишке киргизди. Президент Садыр Жапаров анын ачылыш аземинде бул объект өлкөгө өзүнүн алтын корун коопсуз сактоого гана эмес, чет элдик өнөктөштөргө да ушундай кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин баса белгилеген.