Баласын калкан кылган алдамчылар: Жазадан качкан кылмышкерлер
Новость

Коомчулукта "оор кылмыш кылгандар мөөнөтүнөн мурда оңой эле бошоп кетип жатат" деген кооптонуулар бекеринен чыккан жок. Эркиндикке чыгып алып, кайрадан үрөй учурган кылмыштарга барган учурлар коомдо курч талкуу жаратууда. Бирок бул маселеде көп айтылбай келген дагы бир көмүскө жагдай бар — алдамчылык менен миллиондогон зыян келтирип, жаш балдарын мыйзамдагы жеңилдиктерге "калкан" кылып колдонгон соттолгондор" Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Жазык-аткаруу тутумундагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн прокуратура 2025-жылдын статистикасын жарыялап, мыйзамдарды катаалдатуу боюнча демилгени коомдук талкууга чыгарды.

УДО: Бошотуу эмес, катуу чыпка

Коомдо "акчасы барлар гана кутулуп кетет" деген пикир бар. Бирок 2025-жылдагы расмий маалыматтар бул мифти жокко чыгарат.

Статистикага ылайык:

430 соттолгон адам мөөнөтүнөн мурда бошонууга (УДО) арыз берген;

алардын болгону 121инин арызы канааттандырылган;

309 адамдын (72%) өтүнүчү четке кагылган.

Мындан тышкары, сот тарабынан бошотуу чечими чыккан учурларда да прокуратура принципиалдуу позициясын сактап, 11 жолу апелляциялык сунуш киргизген. Натыйжада, коомго реалдуу коркунуч жараткан 8 кооптуу кылмышкер эркиндикке чыккан жок.

Жатак-абак жоюлду: режим жумшартууга жол жок

Акыркы мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, КР Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесинен "жатак-абак" институту толугу менен алынып салынды. Бул режимди жумшартуу аркылуу эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген жолдорду жабууга багытталган чечим.

Ал эми тартип бузуп, оңолбогон соттолгондор үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Быйыл 13 адам соттун чечими менен жатак-абактан кайра катуу жабык түрмө режимине которулду.

КР КЖКнын 87-беренеси: “бала” — мыйзамды айланып өтүү куралына айланууда

Прокуратуранын маалыматына караганда, эң көйгөйлүү маселе — 14 жашка чейинки баласы бар айрым аялдардын КР КЖКнын 87-беренесин (жазаны өтөөнү кийинкиге калтыруу) жазадан качуунун куралы катары колдонуп жатышы.

Алдамчылык беренеси менен соттолгон айрым аялдар жарандарга миллиондогон сом зыян келтирип, бирок аны төлөбөстөн, "энелик статусун" шылтоолоп, сотторго жана прокуратурага улам-улам арыз жолдошот. Бул өз кезегинде мамлекеттик ресурстардын негизсиз чыгымдалышына алып келүүдө.

2025-жылдагы көрсөткүчтөр:

87-берене боюнча 8 арыз түшкөн;

болгону 3 арыз гана канааттандырылган;

калган учурларда келтирилген зыяндын төлөнбөгөнү жана соттолгондордун оңолбогону негиз болуп, бошотууга бөгөт коюлган.

Мыйзамды катаалдатуу сунуштары

Прокуратура бул "укуктук боштукту" жоюу үчүн төмөнкү өзгөртүүлөрдү сунуштоодо:

Зыянды толтуруу — негизги шарт: материалдык зыяндын кеминде 50%ы төлөнмөйүнчө УДО же жазаны жылдыруу маселесин кароого тыюу салуу;

Кайталап арыздарга чектөө: бир эле негиз менен арыз берүүгө 6 айдан 1 жылга чейин мораторий киргизүү;

Жабырлануучунун укугу — чечүүчү фактор: жазаны жумшартууда жабырлануучунун пикирин жана зыяндын канчасы өндүрүлгөнүн башкы критерий кылуу.

"Балдар — биздин келечегибиз. Бирок алар кылмышкерлер үчүн “эркиндикке билет” болбошу керек. Алдамчылык менен элдин акчасын жеп, энелик сезимдер аркылуу манипуляция кылуу — бул моралдык да, укуктук да кылмыш", — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.